super.kg logo
  Саясат  

ЖКда аскердик наамдар менен класстык чиндерди ыйгаруу тууралуу мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

 
13-декабрда ЖКда “Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чиндерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Депутат Токон Мамытовдун айтымында, мыйзам долбоору күч органдарында атайын наамдар менен класстык чиндердин берилишин бири-бирине теңдештирүү жана аларды ыйгаруу тартибин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Буга чейин аскер кызматкерлерине "капитанга" чейинки чиндер, ал эми ички иштер аскерлерине "майорго" чейинки чиндер аскер бөлүгүнүн башчысы тарабынан ыйгарылып келген. Азыр аларга "капитанга" чейинки чиндерди гана ыйгаруу укугу берилүүдө. Ал эми андан жогорку аскердик чиндер министр тарабынан гана ыйгарылмакчы. Талкуу жүрүшүндө депутат Курманбек Осмонов ушундай эле шарттарды бажы кызматы, прокуратура сындуу дагы башка күч түзүмдөрүнө кирген органдарга да кароо сунушун берди. Анткени азыр аларга наамдар менен класстык чиндер ким тарабынан ыйгарыла тургандыгы так эмес. Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: