super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров расмий сапары менен Италияга барды

 

Бүгн, 2-октябрда президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен Рим шаарына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, мамлекет башчысынын борту Римдин эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаров менен Биринчи айым Айгүл Жапарованы Италиянын ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Кристиано Маджипинто, “Алга, Италия” партиясынан Сенатор Франческо Сильвестро, Ватикан тараптан - Ыйык тактынын Архиепискобу Франческо Каналини, Ыйык Тактынын протоколунун жетекчиси Хавьер Фернандаз Гонзалез тосуп алышты.

Белгилей кетсек, Италияга жана Ватиканга жасаган сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Италиянын президенти Серджо Маттарелла, министрлер кеңешинин төрагасы Джорджей Мелони, депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Италия сенатынын төрагасы Иньяцио Ла Русса менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.

Мындан тышкары президент Садыр Жапаровдун Рим папасы Франциск менен жолугушуусу болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: