super.kg logo

Бишкекте Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору ачылды 

 

Кечээ, 2-октябрда, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору ачылды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Эмгек министринин биринчи орун басары Мухтар Баймурзаев, Азия өнүктүрүү банкынын директору Жэң Ву, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, өнөктөштөр жана лицейлердин директорлору катышты.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева валидациялоо жана сертификациялоо борбору эч кандай билим албай туруп, өз алдынча кесипти өздөштүрүп алган адамдардын адистигин тастыктап, алардын эмгек рыногунда ордун табышына чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Бул программанын ишке ашышына жакындан жардам берген негизги өнөктөшү Азия өнүктүрүү банкы. Анын директору Жэң Ву экономиканын өсүшү менен адистерге болгон талап дагы өсүп жатканын белгилеп, бул борбордун ачылышы заман талабына шайкеш келүүдө деди.

“Кесиптик билим берүүнүн сапаты өстү. Программанын алкагында 34 лицей, 7500дөн ашык окуучу окуп, 1500 мугалим чеберчилигин жогорулатты”, – деди директор.

Статистикага ылайык, 2023-жылы Кыргызстанда 2 миллион 700 миң экономикалык жактан активдүү жаран бар болсо, алардын 44%ы гана формалдуу профессионалдык билимге ээ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: