Бишкекте жашы жете элек кыздарды сойкулукка мажбурлаган шектүүлөр кармалды




Бишкек шаарында кыздарды интим кызматын көрсөтүүгө мажбурлаган деген шек менен 2 аял киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда шаарыдык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 2 адам жашы жете элек кыздарды кыйноо жана коркутуу жолу менен интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (Сойкулук менен алектенүүгө тартуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 29 жана 19 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.