Ресторан, сауна, коттедж... Ысык-Көлдөгү "Лагуна Сити" эс алуу борборунун мүлктөрү мамлекетке алынды







Ысык-Көл облусунда жайгашкан "Лагуна Сити" эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган эс алуу жайынын бир бөлүгү, тагыраагы, коттедждер, мончо, сауна, кафе, ресторан, административдик имараттар мамлекеттин балансына алынган.
УКМК аталган мүлктөр Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында алынганын белгилеп, мүлктөрдүн болжолдуу баасы 5 миллион долларды түзөрүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.