super.kg logo

Казакстандын ТИМ өкүлү чыр менен коштолгон көкпар оюну боюнча комментарий берди

 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Астанада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы жер улак оюну боюнча комментарий берди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

ТИМдин өкүлү Айбек Смадияровдун айтымында, оюндагы чыр-чатак эки өлкөнүн мамилесине эч кандай таасирин тийгизбейт.

"Бул биздин боордош өлкө. Алар менен мамилебиз жакшы. Ал эми спорт жаатында кандайдыр бир талаш-тартыштар жаралса, бул жөн гана спорт. Бул жерде эч кандай саясат жок. Биз кылымдар бою кошунабыз, келечекте дагы ушундай болуп кала беребиз”, - деген ал.

Ошондой эле журналисттер ТИМдин өкүлүнөн "бул чыр-чатак эки өлкөнүн дипломатиялык мамилесине таасир этеби?" деп сурашкан.

"Силер көрдүңөр да, алар ат үстүндөгү каны кайнап турган улакчылар. Оюн учурунда эмоция болуп турат. Бул эки өлкөнүн мамилесине эч кандай таасирин тийгизбейт. Бул жөн гана оюн, анын жыйынтыгы менен биздин бүт мамилебизди чийип салууга болбойт", - деп жооп берген ал.

Белгилей кетсек, 12-сентябрда Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын ортосунда жер улак боюнча мелдеш өтүп, оюн чыр менен аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: