super.kg logo
  Саясат  

"Мыйзам бузуулар болуп жатат". Депутат Мирлан Самыйкожо "Манас" университетин текшерүүгө алуу сунушун берди

 

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин билим берүү системасын текшерүүгө алуу сунушун берди.

Эл өкүлүнө жогорку билим берүү окуу жайларында Кыргызстандын мыйзамдары сакталбай жаткандыгын айткан кайрылуулар келген.

“Манас" университети өтө мыкты, кесипкөй окуу жайлардын бири. Анткени менен бизге келген кайрылуулар боюнча, ал жакта Кыргызстандын мыйзамдары сакталбай жаткандыгы айтылууда. Билим берүү жана илим министрлигине, тышкы иштер министрлигине тапшырма берип, барып көзөмөлгө алууну тапшырсак. Жаштардын келечегине балта чаап албайлы”, - деп билдирди Самыйкожо.

Бирок депутат жыйында кайсы мыйзамдар бузулуп жаткандыгы боюнча кептерди ачыктаган жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: