super.kg logo

Мурдагы "Нарын эт комбинаты" мамлекетке кайтарылды

 

Мурдагы "Нарын эт комбинаты" ишканасынын 114 миллион сомдон ашык 4 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда УКМКдан билдиришти.

УКМКнын ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында мурдагы мамлекеттик "Нарын эт комбинаты" акционердик коомунун жалпы аянты 4 гектар жер тилкеси жана анын аймагында жайгашкан имараттары Нарын мэриясынын балансына кайтарылды. Алардын болжолдуу баасы 114 миллион 500 миң сомду түзөт.

Ага ылайык, 1999 жана 2000-жылдары "Нарын эт комбинаты" мамлекеттик акционердик коомунун кыймылсыз объекттери Б.И. аттуу жаран тарабынан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен төмөндөтүлгөн баалар боюнча жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталган. 2002-жылы Нарын шаардык башкармалыгы тарабынан Б.И.ге Нарын эт комбинатынын жер участогуна ээлик кылуу укугу бекитилген.

Учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймакта эки өнөр жай ишканасын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: