super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев: "Баяндамачылар тантырап отурса мыйзамын кабыл албайбыз"

 

Бүгүн, 3-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мыйзам чыгарууда сапатына көңүл бурууга чакырды.

Ал мыйзам долбоорун тааныштырган баяндамачылардын даярдыгы начар болуп жатканына нааразы болду.

“Министрлер кабинети демилгелеген бардык мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш учур талабына, муктаждыкка байланыштуу колдоп келдик. Анын негизинде, мына президентибиз дагы айтып жатат, өлкөдө бир топ жылыштар болду. Бирок силер парламент жумшактык кылып бир топ мыйзамдарды талкуусуз кабыл алып берип жатканына көнүп алдыңыздар.

Эми мындан ары андай болбойт. Эгерде мыйзамдар чийки болсо, бул жакка келген баяндамачылар онтолоп, тантырап отурса мыйзамдар өтпөйт. Андыктан силер дагы Жогорку Кеңешке болгон мамилеңерди өзгөрткүлө. Парламент мындан кийин ар бир мыйзам долбоорун тыкыр карап, астейдил мамиле жасайт. Ошого көнгүлө!" - деди Шакиев.






Жогорку Кеңеш 03.10.24

Жогорку Кеңеш 03.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: