super.kg logo

497 миллион сомго оңдолуп жаткан Илимдер академиясындагы иштер качан аяктаары айтылды 

 

Бүгүн, 3-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан Улуттук илимдер академиясынын жана М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборун капиталдык ремонттон өткөрүү иштери менен таанышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Улуттук илимдер академиясына жалпысынан 29 миң чарчы метр имаратты жана сырткы көрүнүшүн жасалгалоо үчүн 497 миллион сом каралган. Ал эми капиталдык ремонттоо иштери ноябрь айынын аягына чейин бүткөрүү пландалган.

Ал эми М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун капиталдык оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 460 миллион сомдон ашуун каражат каралгандыгы кошумчаланган. Ал каражатка Бишкектеги жана Төө-Ашуу белиндеги имараттардын да ремонту кирет.

Акылбек Жапаров капиталдык ремонт иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: