super.kg logo

Казакстанда Тик-Ток платформасына чектөө киргизүү сунушталды 

 

Казакстанда Тик-Ток платформасына чектөө коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, сенаттын депутаты Геннадий Шипов аталган социалдык тармак аркылуу жашы жете элек балдар туура эмес маалыматтарды алып жатканын айткан.

"Тик-Токтогу айрым контент балдардын жүрүм-турумуна терс таасирин тийгизип, туура эмес идеалдарга жана көз карандылыкка алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу Кыргызстан бул платформага тыюу салды. Учурда дүйнөдө улуттук коопсуздук негизги көйгөйлөрдүн бири. Франция жана башка өлкөлөр Тик-Токто маалымат чогултууга шек санап, алар дагы бул платформага чектөө киргизди. Казакстанда дагы киберкоопсуздукка көңүл буруу абдан маанилүү", - деген депутат.

Ошондой эле ал Тик-Токко чектөө коюу менен жаштар арасындагы кооптуу оюндардын жайылышын токтотуу мүмкүн экенин кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: