Топтой ыргып... Өзбекстанда унаа сүзүп кеткен окуучулардын бири каза болду (видео)
Өзбекстандын Бухара облусунда унаа сүзүп кеткен окуучу кыздардын бири каза болгонун өзбек басылмалары жазууда.
Маалыматтарга караганда, окуя 2-октябрда таңкы саат 05:54 чамасында Каракөл районунда болгон. Анда жолдон өтүп бара жаткан эки окуучу кызды Lacetti үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Жабырлануучулар аймактык ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, бири көз жумган.
Бухара облустук ички иштер бөлүмү ошол эле күнү окуя боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу кармалганын билдирген.
03.10.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.