super.kg logo

Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү

 

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлдү. Бул туурасында бүгүн, 3-октябрда Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жыйында билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.

Анын айтымында, институт өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жардам бере турган билимдин жана инновациянын борборуна айланат.

"Институтту түзүү агрономия жана ветеринария тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө гана эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны киргизүү үчүн эл аралык уюмдар жана илимий мекемелер менен активдүү кызматташуу пландаштырылууда", - деп белгиледи Төрөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: