super.kg logo

Израилдин Газа тилкесиндеги чабуулдары: Акыркы суткада 79 киши курман болду

 

Акыркы 24 саат ичинде Израил армиясы блокададагы Газа тилкесинин ар кайсы аймактарына катуу чабуулдарын улантып, натыйжада 79 палестиналык набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Палестинанын Газа тилкесиндеги жарандык коргонуу башкармалыгынын басма сөз катчысы Махмуд Басалдын айтымында, Израилдин аба күчтөрү Газанын түндүгүнө төрт жолу абадан сокку уруп, натыйжада 32 палестиналык набыт болду.

Кол салуудан сектордун түштүгүндөгү Хан-Юнус провинциясында 30 киши, Газанын борборунда 17 палестиналык каза тапты. Көптөгөн адамдар жаракат алып, алардын абалы оор деп бааланууда. Аткылоо уланууда. Жабыркагандардын саны өсүүдө.

2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулунун натыйжасында Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 41 миңден ашуун палестиналык каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: