super.kg logo
  Саясат  

"Айыл өкмөттү, мэрди шайлай албагандан кийин...". Жылкыбаев депутаттардын укугу тууралуу айтылган кептерге жооп берди

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Биринчи радиого" курган маегинде коомчулукта жергиликтүү кеңештин депуттаттарынын ыйгарым укуктары кыскарып жатат деген кептерге жооп берди.

Ал жергиликтүү кеңештин депутаттыгына аймактын социалдык маселесин чечүү үчүн барарын белгилеп, андыктан активдүү жарандарды айылынын өнүгүшүнө салым кошуу үчүн депутаттыкка талапкерлигин коюуга чакырды.

"Азыр жаштардын көбү "мурдагыдай айыл өкмөттү, мэрди шайлай албагандан кийин депутаттын кандай укугу бар" дешет. Жергиликтүү мунципалитеттин бюджетин бекиткен жергиликтүү кеңеш болот. Ошол бюджет аркылуу социалдык маселелер чечилет. Мисалы жергиликтүү кеңештин депутаты болуп туруп эле ар кандай проектерге, эл аралык уюмдарга кат жазып, айылынын, шаарынын көйгөйлөрүн чечкен депутаттар көп. Ошондуктан башчыны эле шайлаганда керек деген ойдон алыс болушубуз керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: