super.kg logo
  Спорт  

Шахмат боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Чыңгыз Исаев 28-орунду ээледи

 

28-декабрда Аль-Айн шаарында (БАЭ) шахмат боюнча жаштар арасында жыйынтыкталган Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктардын ичинен эң жогорку көрсөткүчтү Чыңгыз Исаев көрсөтүп, мелдеште 28-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдештин жыйынтыктоочу 11-тур оюндарында Азиз Дегенбаев, Алтай Алыбаев, Мирлан кызы Азалия (баары 8 жашка чейинкилер арасында), Айбек Исакжанов, Диана Өмүрбекова (14 жашка чейин), Тагир Таалайбеков (16 жашка чейин), Эсенбек уулу Бакай (18 жашка чейин) жеңишке жетишишти.

Кыргызстан курама командасынын курамына кирген 20дан ашык шахматчынын ичинен эң жогорку көрсөткүчтү Чыңгыз Исаев көрсөттү. Ал 14 жашка чейинкилерден мүмкүн болгон 11 упайдан 7 упай топтоп, 28-орунду ээледи.

Андан сырткары Дария Ли (10 жашка чейин) 37-орунду ээлесе, Алымбай кызы Айжан (18 жашка чейин) 53-орунга татыды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: