Балыкчыда жети жаштагы баланы белгисиз жаран бычактап кеткен
Балыкчы шаарында жети жаштагы бала бычакталып, ооруканага түштү. Каргашалуу окуя кечээ, 2-октябрда орун алганын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 14:50лөр чамасында Балыкчы шаардык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнөн милицияга 2017-жылы туулган бала жаракат алып, ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн. Билдирүү шаардык милиция бөлүмүнө катталып, иликтөө иштери башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө бала короодо ойноп жүргөндө белгисиз жаран курч нерсе менен сайып жибергени аныкталган.
Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.