super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен жолукту 

 

Бүгүн, 3-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Италиянын президенти Серджо Маттарелла менен расмий жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын кортежин Квиринале сарайынан Италиянын президенти жана анын кызы Лаура Маттарелла тосуп алган.

"Садыр Жапаровдун келишинин урматына Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлдү. Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарып, Ардак кароолдун башчысы салам рапортун берди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сарайда эки өлкөнүн мамлекеттик желектеринин фонунда сүрөткө түшүү аземи жана делегациялар тааныштырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: