super.kg logo

Кара-Сууда келини кайнатасын бычактап салды

 

Кара-Сууда 27 жатагы келин кайнатасы менен пикир келишпей, бычактап салган. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 3-октябрда Ош ОИИБи тастыктады.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү 1997-жылы туулган С.кызы.Р. арыз менен милицияга кайрылган. Анда ал 31-августтан 1-сентябрга караган түнү үйүндө өзү менен бирге жашаган 1960-жылы туулган Д.А. аттуу кайанатасы менен пикир келишпей, анын арт жагына учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, өлтүрүп алгандыгын билдирген.

Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, жаңы жагдайлар аныкталып, кылмышка шектүү катары Аксы районунун 1997-жылы туулган С.кызы Р. менен бирге Кара-Суу районунун 1997-жылы туулган Н.А. аттуу жараны да кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: