Лондондо мектеп окуучуларына жана мугалимге кислота чачкан шектүү кармалды
Лондондо мектепке кислота чачты деген шек менен эркек киши кармалганын полициядан билдирди.
1-октябрда белгисиз адам Лондондогу мектептин жанында жашы жете элек эки балага жана мугалимге кислота чачып, качып кеткен. Жабыркаган 16 жана 14 жаштагы өспүрүмдөр ооруканага жаткырылган. Алар кол салган адам колдонгон заттын таасиринен оор жаракат алышкан. Ал эми шектүү издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген.
"Издөө иштери жүрүп, бүгүн, 3-октябрда эртең менен 35 жаштагы адам "Ден соолукка оор залал келтирген" деген шек менен кармалды", - деп милициядан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.