Ливандын "Хезболла" кыймылы Израилдеги аскердик базага ракеталык чабуул жасады
Бүгүн, 3-октябрда Ливандагы шииттердин "Хезболла" кыймылы Израилдин түндүгүндөгү Акра булуңундагы Сахнин аскердик-өнөр жай базасына ракеталык чабуул жасаганын кыймылдын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн эртең менен Израилдин Коргоо күчтөрү (ЦАХАЛ) акыркы 24 саат ичинде "Хезболла" кыймылы Ливандан Израилге атылган 120дан ашык снаряддарды каттаганын кабарлады.
Эске салсак, 1-октябрдан бери Израиль Ливандын түштүгүндө “Хезболла” күчтөрүнө каршы кургактан операция жүргүзүп, коңшу өлкөнү абадан бомбалоону улантууда. Анда миңден ашуун адам, анын ичинде шиит кыймылынын лидерлери каза болуп, 90 миңден ашуун адам качкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.