super.kg logo

Бишкекте дагы бир "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасы ачылды

 

Бүгүн, 3-октябрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №4 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун филиалында уюштурулган биринчи мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасынын ачылышына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Бул Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын базасында ачылган 19-мамлекеттик дарыкана, учурда республика боюнча 88 дарыкана иштейт.

Дарыкана пункттарындагы ассортимент дарыкана пункттары жайгашкан саламаттык сактоо уюмунун өзгөчөлүгүнө, сатуунун деңгээлине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына жараша 2500дөн ашык фармацевтикалык продукцияны түзөт.

Белгилей кетсек, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында чекене баалар өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда орто эсеп менен 10-20 пайызга төмөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: