super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Италиянын ишкер жана чыгармачыл өкүлдөрү менен жолугушту 

 

Кечээ, 3-октябрда президент Садыр Жапаров Италияга болгон расмий сапарынын алкагында бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, Кыргызстандын негизги тармактарына инвестиция тартуу, ошондой эле эки өлкөнүн маданий байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы бизнес жана маданият мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун куралы катары маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстандын италиялык ишкерлер жана инвесторлор менен өнөктөштүккө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле Италия менен өз ара аракеттенүүнү ар тараптуу бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди илгерилетүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

Италиянын бизнес-коомчулугу Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга жана ар кыл тармактарда алдыңкы технологиялар менен тажрыйба алмашууга даяр экендигин баса белгилешти.

Жолугушууда эки өлкөнүн маданий байланыштарын, анын ичинде искусство, кино, музыка жана театр тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу чыңдоонун маанилүүлүгү да белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: