super.kg logo

Түштүк Кореянын биринчи айымына коррупция боюнча тагылган айып жокко чыгарылды

 

Сеулдун райондук прокуратурасы иликтөө жүргүзүп, Түштүк Кореянын президентинин жубайы Ким Хон Хиге тагылган “пара менен күрөшүү мыйзамын бузду” деген айыпты жокко чыгарды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, бул айыптоолор биринчи айым 2200 долларлык баштык белекке алган соң тагылып, чоң чыр-чатакка айланган.

Резонанстуу окуя өткөн жылдын акыркы айларында орун алган. Анда түбү кореялык болгон американыны дин кызматкери Чой Чжэ биринчи айымга кымбат баалуу баштыкты белекке берген. Ал кымбат экенин белгилегени менен, белектен баш тарткан эмес. Маалыматтар Чой Чжэ белекти биринчи айымга сыноо иретинде бергенин, баштыкты сатып алгандан ага бергенге чейинки окуяларды тасмага түшүрүп алгандыгын жазышат.

Тартылган видео коомчулукка тарагандан кийин президент Юн Сок Ёлго болгон элдин ишеними төмөндөп, анын “Элдин күчү” партиясы апрелдеги парламенттик шайлоодо жеңилип калган.

Биринчи айымдын иши 10 айдагы тергөөдөн кийин өз жыйынтыгын берип, прокуратура бул коррупциялык иш эмес деген тыянакка келди. Анын берилген белекке жооп кайтарбаганы жана баштыкты колдонбогону бул чечимге негиз болгон.

Бирок Түштүк Кореянын биринчи айымына карата апрель шайлоосуна талапкерлерди көрсөтүү процессине кийлигишүү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: