Бишкекте ур-токмокко алынган жаран ооруканада каза болгон. Шектүү кармалды
Бишкек шаарында адам өлүмүнө алып келгенче сабаган деген шек менен 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү саат 09:35 чамасында милицияга Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен 52 жаштагы жаран белгисиз адам тарабынан сабалып, ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 130-беренеси (Адам өлүмү менен коштолгон денеге оор зала келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1993-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.