Бишкектеги соода түйүндөрүндө жана базарларда жугуштуу ооруларга акысыз текшерүүлөр уюштурулат
Бишкектеги соода түйүндөрүндө жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүүгө болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектеги базар, соода борборлорунда ВИЧ, сифилис жана гепатиттин В,С түрлөрүн аныктай турган экспресс-тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Акция 7-октябрдан башталып, 1-ноябрга чейин уланат. Ал эртең мененки саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт.
Текшерүүлөрдүн дареги жана датасы:
- 7-октябрь — "Таатан" соода борбору;
- 9-11-октябрь — "Дордой Дыйкан" жана "Дордой Моторс" базарлары;
- 14-16-октябрь — "Аламүдүн" жана "Табылга" базарлары;
- 24-26-октябрь — "Орто-Сай" базары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.