super.kg logo

Кантта кызганычтан аялын өлтүргөн адам кармалды

 
Чүй облусундагы Кант шаарында 28-декабрь күнү кызганычтын айынан чогуу жашаган аялды өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, 30-декабрда милицияга адамдын сөөгү табылгандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган оперативдик топ мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 47 жаштагы аялдын денесин көрүшкөн. Ал ошол үйдө батирде жашап жатканы белгилүү болгон. 
Ысык-Ата РИИБинин тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш ишин козгогон. 
Тергөөнүн жүрүшүндө маркум менен бирге жашаган 45 жаштагы Тейит.М. кармалган.
Ал спирт ичимдиктерин ичип жатканда кызганычтан урушуп кетишкенин айткан. Азыркы тапта кылмышкер убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.12.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичкилик+кызганыч=олум. Экоо тен жакшылыка алып барбайт!
30.12.2013. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак бул харам. мамлекетке пайда алып келгенине караганда зыяны коп. сатканга тыюуу салгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: