Нарында наркы 12 миллион сомдон ашкан жер мамлекетке алынды
Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы наркы 12 миллион 300 миң сом болгон май куюучу жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жер аянтын мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары, май куюучу жай куруу үчүн жеке ишкерге мыйзамсыз менчикке чыгарып беришкен.
УКМК жер тилке райондун Баетов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.