super.kg logo

"Кредит алып, карызга күн көрүүдөбүз". Ысык-Көлдөгү асфальт заводунун жумушчулары 8 айдан бери маянасын ала албай жатышканын айтышты (видео)

 

Бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталына Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында жайгашкан кытайлык "Лонг Хай" корпорациясынын асфальт заводунун жумушчулары 8 айдан бери айлыгын ала албай жатышканын билдиришти.

Алардын айтымында, буга чейин УКМК менен Башкы прокуратурага кайрылышкан, бирок алардан эч кандай жооп болгон эмес. Мындан улам президент Садыр Жапаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылууга аргасыз болуп жатышканын айтышат.

"Айлыгыбызды сурасак "завод Балыкчы шаарындагы кеңседен аласыңар" деп ал жакка жиберет. Алар Транспорт министрлигине жиберсе, министрлик кайра бизди иштеген жерибизге кетирип ийип жатат. Ал эми чогулуш кылсак, башкы директорубуз келбей коюуда", - дейт жумушчулардын бири.

Ошондой эле ал учурда маяналарын бербегенине карабай жумушчулар заводдун ишин токтотпой иштеп жатышканын белгиледи.

"Заводдон чыккан асфальт Балыкчы-Корумду унаа жолуна төшөлүп жатат. Акылбек Жапаров "жумушту тездеткиле" деп талап койгон, бирок бизге айлык берилбесе жумуш кайдан бүтөт. Бул жакта 7 облустан келип иштегендер бар. Күнүбүздү кредит, карызга акча алуу менен көрүп жатабыз", - деп кошумчалады жумушчу.

Заводдун дагы бир жумушчусу маяналар ар кандай шылтоолор менен кармалып жатканын айтат.

"Улам кийинки айда беребиз деп эле жылдырып келе жатат. Бир жумадан бери чогулуп, талап кылып жатабыз. Жетекчилик "мына Кытайдан акча которулганы калды" дейт, бирок эч нерсе жок", - деди ал.






04.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: