super.kg logo

Алайкууда 225 орундуу мектептин жаңы имараты колдонууга берилди

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл өкмөтүнүн Кан-Коргон айылында жайгашкан Жусуп Мамыр атындагы орто мектебинин жаңы имараты ишке берилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, иш-чарага облуска иш сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Ал өз сөзүндө аталган мектептен окумуштуулар, врачтар, инженерлер, жазуучулар жана журналисттер билим алгандыгын айтып, ар бирин атап, окуучуларды алардын изи менен кетүүгө үндөгөн.

Белгилей кетсек, жаңы имараттын сметалык баасы 68 миллион сомду түзүп, 225 орунга ылайыкташкан.

Ал эми өлкө боюнча 315 жаңы мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттыкты сактоо объекттери салынган. Анын ичинде Ош облусунда 73 мектеп, Жалал-Абадда 38 мектеп курулуп, пайдаланууга берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: