super.kg logo
  Саясат  

Катарда өткөн Азиядагы диалогдук кызматташтык уюмунун үчүнчү саммитинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө айтылды

 

Бүгүн, 4-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген делегациясы Катар мамлекетинин Доха шаарында “Спорт дипломатиясы” урааны астында өтүп жаткан Азиядагы диалогдук кызматташтык уюмунун (ДКА) үчүнчү саммитине катышты. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Байсалов өз сөзүндө спорт дипломатиянын маанилүү куралы катары Азия континентинде кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүгүүгө салым кошуусу керектигин белгиледи. Ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына өзгөчө басым жасап, анын миссиясы этномаданий оюндар аркылуу ар түрдүү элдердин маданиятын, өзгөчөлүгүн жана жашоо образын жандандыруу, сактоо экенин белгиледи.

Учурдан пайдаланып, кыргыз делегациясынын башчысы саммиттин катышуучуларын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган ДКОго жана “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерге”, “Бишкек+25” аттуу 2027-жылы Кыргызстанда өткөрүлүшү пландалган экинчи тоо саммитине активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле Байсалов БУУнун резолюцияларына ылайык, Палестина-Израил чатагын тынчтык жолу менен чечүү үчүн "Эки эл үчүн эки мамлекет" принцибинде саясий диалогду баштоого үндөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: