super.kg logo
  Саясат  

Ватиканда Садыр Жапаров Рим папасы Франциск менен жолугушту

 

Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим папасы Франциск менен жолугушту.

Садыр Жапаров Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик көп улуттуу мамлекет экенин баса белгиледи. Жана да мамлекет дин тутуу эркиндигин кепилдеп, жарандардын сыйынуусуна кийлигишпей тургандыгын билдирген.

Франциск да Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Баарлашуунун аягында Садыр Жапаров Рим папасын анын өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: