super.kg logo

Ар кандай документтерди жасап келишкен шектүүлөр Баткенден кармалышты

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жасалма документтерди жасап келген деген шек менен 3 жаран кармалганын кабарлады.

Маалымдалгандай, милицияга 3 жаран кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө байланыштуу юридикалык документтерди, мамлекеттик бланктарды, транспорт каражаттарын башкаруу укугун тастыктаган документтерди, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөргө ишеним каттарды даярдап, жасап жатышканы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле алар "Унаа" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен биргеликте коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо), 261-беренеси (Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери Баткен облусуна барып, күбөлөрдү суракка алышкан. Жыйынтыгында шектүү делип 40, 25, 24 жаштагы жарандар кармалып, Бишкекке алып келинген жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 25 жаштагы шектүүнүн жашаган жана иштеген жерин текшергенде акча каражаттары, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор табылган.

Шаардык милиция учурда иш соттук кароого жөнөтүлгөнүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: