super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү чек ара маселесин бир саат талкуулашты

 

Бүгүн, 4-октябрда чек арадагы кырдаалды туруктуу кармоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу маалыматты Баткен райондук адмиристрациядан тастыкташты.

Жолугушуу Баткен районунун Кызыл-Бел өткөрмө бекетинде болду. Анда район башчы Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген делегация катышты.

"Жолугушууда чек ара, укуктук тартип,
макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин, түрдүү аракеттерди болтурбоо жана алдын алуу, ирригациялык, чарбалык жана күндөлүк жашоодо болуп жаткан маселелер туурасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эки тараптуу делегация аткезчиликке каршы биргеликте күрөшүүнү жана көмөк көрсөтүүнү,
чек ара аймактарындагы окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашышты.

Эки тараптуу жолугушуунун убактысы 1 саатка созулуп, бир топ маселелер жеринде талкууланды.

Учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: