Бишкекте кызды өлтүрө сүзгөн Лексустун айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Бишкекте 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн Лексустун айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.
Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин (Кылмыштуулуктун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келген) негизинде кылмыш иши козголду. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, унаа атайын айып короого киргизилди.
Унааны башкарган айдоочу 16 жашта экендиги аныкталды.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-октябрда интернет желелеринде Бишкекте 11-класстын окуучусу Лексус унаасы менен бала бакчанын тосмосун сүзүп, 10 жаштагы кызды өлтүрө сүзгөн видеосу тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.