super.kg logo
  Саясат  

Папан суу сактагычына чакан ГЭС курула баштады

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Папан чакан ГЭСинин курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда Акылбек Жапаров акыркы жылдары мамлекет электр энергиясын өндүрүү маселесине катуу көңүл буруп жаткандыгын белгилеп өттү.

"Быйыл Бала-Саруу Көгарт, Кайнама ГЭСтери ишке берилди. Ал эми Папан суу сактагычына курулуучу чакан ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватт, жылына орточо 103 миллион киловатт саат электроэнергияны өндүрөт. Инвестициянын суммасы 27 миллион доллар.

Папан суу сактагычына чакан ГЭСти куруу өлкөбүздү энергетикалык көз карандылыктан куткарууга багытталган стратегиялык дагы бир кадам"-деп сөзүн жыйынтыктадыАкылбек Жапаров.

Маалымат үчүн: Чакан ГЭС курулуп жаткан Папан ирригациялык суу сактагычы, Катар массивинин жанындагы Ак-Буура дарыясынын өрөөнүндө, Папан капчыгайынын эң кууш жеринде жайгашкан. Папан суу сактагычынын курулушу 1979-жылы башталып, 1985-жылы ишке киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: