super.kg logo

Нарында "Ала-Тоо" мейманканасынын аймагы мамлекетке кайтарылды (видео)

 

Нарын шаарындагы "Ала-Тоо" мейманканасынын аймагы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат тарабынан Нарын шаарынын борборундагы 0,32 гектар аянттагы "жалпы пайдалануудагы жерлер" категориясына кирген, Нарын шаарындагы "Ала-Тоо" мейманканасынын администрациясы жанаша жайгашкан аймак катары пайдаланып келген жер участогу мамлекеттин балансына кайтарылды.

2007-жылы Нарын облустук сотунун коллегиясы тарабынан тийиштүү ыйгарым укуктары жоктугуна карабастан, прокуратура органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын нааразылыктарын эске албай, жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен М.А. аттуу жаранына аталган жер участогуна ээлик кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө чечим чыгарылгандыгы аныкталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында "Жер кодексинин" 78-беренесин бузуу фактылары аныкталган. Аталган участоктун наркы 97 миллион сомго бааланган.

Керектүү юридикалык процедуралардан кийин аталган участок мыйзамда белгиленген тартипте Нарын шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берилген.






05.10.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: