super.kg logo

Казакстандагы референдум: Чет өлкөдө 74 добуш берүү тилкеси иштейт

 

Казакстанда атомдук станция куруу (АЭС) боюнча республикалык референдумга добуш берүүчүлөрдүн жалпы саны 12 224 683 жаранды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Константин Петров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Айтымында, референдум эртең, 6-октябрда саат 7:00дө башталып, саат 20:00гө (жергиликтүү убакыт боюнча) чейин өтөт.

Эртең, 6-октябрда жалпы 10 миң 323 референдум тилкеси иштейт. Ал эми 59 өлкөдө 74 добуш берүү тилкеси ачылды” деп билдирди Петров.

Белгилей кетсек, республикалык референдум өткөрүү тууралуу жарлыктын долбоорун казак өкмөтү ушул жылдын 27-августунда жактырган. Тиешелүү жарлыкка 2-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Референдумга "Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлат. Бюллетенде жооптун эки варианты болот: "Ооба, макулмун" же "Жок, каршымын" деген. Бюллетень эки тилде: расмий жана мамлекеттик тилде даярдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: