"Хезболла" Израилдин Сахнин аймагындагы аскерий комплексине чабуул жасады
Ливандык "Хезболла" согушкерлери Израилдин түндүгүндөгү Сахнин шаарындагы ATA Defence Industries аскердик өндүрүш комплексине бир катар ракеталарды учурушкан. Бул тууралуу кыймылдын басма сөз кызматы билдиргенин бир катар басылмалар жазышууда.
"Исламдык каршылык көрсөтүүчү согушкерлер Сахниндеги АТА аскердик өндүрүш комплексине ракеталык чабуул жасашты", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Израилдин аба күчтөрү Бейрут аймагындагы "Хезболла" кыймылынын инфраструктурасына жана штаб-квартирасына жаңы соккуларды жасаганы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.