super.kg logo
  Саясат  

Байсалов Дохада Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун (АКДУ) башкы катчысы Насер Аль-Мутаири менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Катардын борбору Доха шаарында мамлекет, өкмөт жана министрликтердин башчыларынын катышуусунда өткөн АКДУнун Үчүнчү саммитинин жыйынтыгын чыгарышты.

Тараптар саммиттин “Спорт дипломатиясы” темасын белгилешти жана АКДУ алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин, анын ичинде эки тарапты кызыктырган долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Диалогдун алкагында Кыргызстандын катышуусун активдештирүү боюнча макулдашууларга жетишилди.

Башкы катчы кыргыз делегациясынын АКДУ саммитине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго анын саламын жеткирүүнү өтүндү.

Саммитте жарыяланган тоо күн тартибинин темасынын контекстинде Байсалов Кыргызстандын тоо жана климаттык демилгелерин колдоого үмүттөнөрүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: