super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Оштун мэрин ээрчитип алып шаарды түрө кыдырды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарындагы бир катар объектилер менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, Жапаров алгач Ош шаарында курулуп жаткан муниципалдык базарга барды. Жаңыдан курулуп жаткан муниципалдык базардын аймагы 7 гектар болуп, жалпы 2500 орунга ылайыкташтырылган. Учурда базардын курулуш иштери 70 пайыз аяктап калган.

Андан соң Ош шаарынын борбордук стадионунда жасалган иштер менен таанышты. Өкмөт башчыга калаадагы борбордук стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу иштери аяктаганы, стадиондун кире беришине таман таштар төшөлүп, жарыктандыруусу жана чуркоо аянтчасы, гибриддик футбол талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилгени туурасында айтып беришти.

Андан ары Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн мониторинг жүргүзүү борборунун иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 16-сентябрдан тарта "Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып алып, айып пул салына баштаган. Шаар аймыганда жалпы 60 жерге коопсуздук камералары орнотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: