super.kg logo

Макрон Израилге курал-жарак берүүнү токтотууга чакырды

 

Франциянын президенти Эммануэль Макрон France Inter телеканалына берген маегинде Израилге курал жеткирүүнү токтотууну жактап, мунун Газада тынчтыкка жетишүү үчүн зарыл экенин айтты. Француз лидеринин айтымында, курал-жаракты экспорттоону улантуу салгылашууларды гана узартат жана жаңжалды саясий жол менен чечүүгө тоскоолдук кылат.

Макрон белгилегендей, Франция Израилге аз гана көлөмдөгү курал экспорттойт, бул Франциянын жалпы курал экспортунун 0,2 пайызын түзөт.

АКШ Израилдин эң ири курал-жарак берүүчүсү бойдон калууда. Ушул жазда АКШнын президенти Жо Байден Рафахта кургактан операция боло турган болсо, экспортту чектей турганын айткан.

Улуу Британия да Эмгек партиясынын шайлоодогу жеңишинен кийин Израилге карата позициясын катуулатты. Лондон курал экспорттоо боюнча 350 лицензиянын 30ун токтотту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: