super.kg logo
  Спорт  

Украина Өзбекстанда өткөн дүйнө чемпиондугунда тарыхын жаратты

 

Украинанын футзал боюнча курама командасы тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпиондугун медалдар менен жыйынтыктады.

Тагыраагы коңшу Өзбекстанда өткөн футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунда Украина коло байгеге ээ болду. Коло үчүн беттеште Украина Франция курамасын 7:1 эсебинде жеңди.

Ошентип, Украина курама командасы тарыхта биринчи жолу футзал боюнча дүйнөлүк чемпионаттын пьедесталына чыкты. Буга чейин бул турнирде команданын эң жакшы жетишкендиги 1996-жылы болгон. Анда Украина төртүнчү орунду ээлеген.

Ал эми футзал боюнча Дүйнө чемпиону Бразилия курамасы болду. Финалда алар Аргентинаны 2:1 эсебинде жеңип алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: