super.kg logo

Окурман Жалал-Абаддын Кыргоо айылындагы мектеп жабылып жатканын айтып чыкты

 

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кыргоо айылынын тургуну кайрылып, айылдагы мектептин жабылышы ата-энелер үчүн көйгөй жаратып жатканын айтты.

Анын айтымында, айылдагы №46 мектеп 130 бала окугандыктан окуучулардын саны жетпейт деген негизде жабылып жатат.

"Бизге балдарыңарды жакынкы мектептерге жайгаштыргыла деп жатышат. Жакынкы айылдагы мектепке барчу жол 14 чакырым. Жамгырда айылдын эки жагынан сел жүрүү коркунучу бар. Балдарды жөө жибергенден коркобуз. Ал үчүн жолго чыгып кичи автобус тосуш керек. Көп балалуу ата-энелер эмне кылат. Бир күндө бир окуучунун жол киресине 40 сом кетсе, көп балалуу ата-энелер 5 күндө эле миң сом коротуп жатпайбы. Жок дегенде окуучуларга атайын автобус берип, "мына ушуну менен каттагыла" деп туруп, анан мектепти жапса болмок", - деди окурман.

Буга чейин Базар-Коргон районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну мектеби жабылып окуучуларга оорчулук жаратып жатканын айтып, кайрылган болчу.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: