Токтогул суу сактагычындагы топтолгон суунун көлөмү белгилүү болду
Бүгүн, 7-октябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 105 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 303 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 114 куб метрди түзүүдө.
Белгилей кетсек, бир ай мурда суунун көлөмү 12 миллиард 706 миллион куб метрди түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.