Нарындын Жаңы-Талап айылына асфальт төшөлүп жатат




Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен айылдын жалпы 3 чакырым жолун оңдоо каралган.
"Азыркы тапта 1,6 чакырым аралыкка асфальт басылды", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик жаңы төшөлгөн асфальт бардык нормаларга жооп берерин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.