super.kg logo

Крымда учкучсуз учактын чабуулунан кийин мунай базасы өрттөнүп кетти (видео)

 

Крымда 7-октябрга караган түнү Феодосиядагы мунай базасында өрт чыккан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Шаар бийлиги өрттүн кесепетинен муниципалдык мүнөздөгү техногендик өзгөчө кырдаал киргизилгенин билдирди. Бирок кийинчерээк администрация бул маалыматты четке кагып, аны “техникалык ката” деп атады.

"Мунай базага чектеш эки көчөдө унаа кыймылы жабылды. Өрттү өчүрүү иштерин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жүргүзүүдө. Курман болгондор жана жабыркагандар жок", - дейт Феодосия администрациясынын башчысы Игорь Ткаченко.

Мэрия өрттүн келип чыгуу себептери тууралуу эч нерсе айткан эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндө нөөмөттө турган Абадан коргонуу күчтөрү Украинанын 12 учкучсуз учагын Крымда, 6 учакты Курск облусунда, ал эми Белгороддо, Брянскта, Воронежде бирден учкучсуз учакты жок кылганын билдирди.

“Крым шамалы” басылмасы окуянын күбөлөрүнө таянып, 7-октябрга караган түнү Крымдагы Саки жана Бельбек аскерий аэродромдоруна да чабуул жасалганын жазды.






07.10.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: