super.kg logo

Комитет оорукана башчыларын жеке клиникаларда иштөөсүн чектеген мыйзамды жактырды

 

Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Документте мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине бир эле маалда жеке клиникаларда дагы иштөөсүнө тыюу салуу каралганын жыйында баяндама жасаган демилгечилердин бири депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

"Мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда. Медициналык мекемелердин жетекчилери жеке клиникаларда иштөөгө алаксыбай, өздөрүн толугу менен өз милдеттерине жана өз мекемесин натыйжалуу башкарууга арнашы керек", - деди ал.

Талкууда мындай чара коррупциялык схемаларды азайтууга, коомдун дарыгерлерге болгон ишенимин жогорулатууга өбөлгө түзөрү айтылды. Ошондой эле талкуу маалында депутат Айбек Маткеримов мыйзам долбоорун колдоп, ага медициналык мекемелердин жетекчилерин гана эмес, бөлүм башчыларын да кошууну сунуштады.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазовдор демилгелеген мыйзам доолбоору жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: