super.kg logo

Нурсултан Назарбаев журналисттердин суроосуна жооп бербей койду

 

Коңшу Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Атомдук электр станциясын куруу боюнча референдум күнү Астанадагы шайлоо участкасында добуш берип, журналисттердин суроолоруна жооп бербей койду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

Ал "Астана Опера" театрында жайгашкан №256 шайлоо участкасында добушун берген.

Добуш берүүдөн кийин журналисттер акыркы убакта эл алдына сейрек чыга баштаган мурдагы мамлекет башчыдан "азыр Казакстанда жашап жатасызбы?" деп сурашкан. Башка журналисттер да суроо берүүгө аракет кылышкан. Назарбаев алар менен учурашып гана, суроолоруна жооп берген эмес.

"Саламатсыздарбы, бар болуп, бактылуу болгула!" деп гана жооп берген Назарбаев.

2023-жылдын 18-ноябрында Назарбаев Астанада бир тууганы Болот Назарбаевдин жаназасында, андан кийин декабрда өткөн жыйында көрүнгөн. Мурдагы президент акыркы жолу Абу-Даби шаарында байкалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: