super.kg logo

"Аргасыздан келишет". Депутат Бишкектеги ооруканалар аймактан келгендерди кабыл албай жатканын айтты

 

Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов мамлекеттик ооруканалардагы дарыгерлер бейтаптарга жакшы көңүл бөлбөй жатканын айтты.

Жыйында "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан. Анда мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине бир эле маалда жеке клиникаларда дагы иштөөсүнө тыюу салуу сунушталууда.

"Мына, бейтаптар "мен бир инсандын эки түрлүү экенин ооруп байкадым" деп жатышат. "Мамлекеттик ооруканага барсам башка мамиле, жеке клиникага барсам ошол эле адам такыр башка" деп жатышат. Мындай болбойт да. Качанкыга чейин биздин оорулуу жарандарыбыз кыйналып жүрүшү керек", - деди ал.

Маткеримов саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовго Бишкек шаарындагы ооруканалар аймактан келген бейтаптарды карабай жатканын айтып, маселени чечүүнү тапшырды.

"Республикалык маанидеги ооруканалар бир гана бишкектиктерге эмес, өлкө боюнча келген оорулууларга жардам көрсөтө турган жай. Алар аргасыздан Бишкекке келип жатышат. Анан алыстан өзү ооруп араң келгендерди "тигиниң жок, мунуң жок" экен деп ары-бери жиберишет. Жардам көрсөтө беришсин документи жок болсо, эртеси деле алып келишет. Документи жок келгендерге жок дегенде биринчи жардам көрсөтүш керек да. Эң биринчиден, медициналык кызматкерлерде адамдык сапат болушу кажет", - деп кошумчалады эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: